23 – сентябрь Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленди.
23 – сентябрь Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленди. Кыргыз тилди өнүктүрүүгө жана анын кадырын дагы да бийик көтөрүү максатында 2014-2020 жж. аралыгына атайын улуттук программа иштелип чыккан.
Эске салсак мындан 28 жыл мурун 1989 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Мамлекеттик тил” тууралуу мыйзам кабыл алган. Кыргыз тил – бул биздин байлыгыбыз.
Ооздон – оозго өткөн оозеки чыгармаларыбыз акындар аркылуу бизге жетип, тарыхыбыз терең экендигин азыркы муунда билүүдө. Азыркы биз колдонгон жазуу алгач латын алфавитинде болуп, кийинчерээк т.а 1920 жылдан тарта кирилица алфавитине өткөн. Элибиздин тарыхы бир гана тарых барагында эмес, анын каада салтында да кенен чагылдырылат.
Комментарии