1 Октябрь – Эл аралык карылар күнү!
Эл аралык карылар күнү – бул биздин кары адамдарыбызга ыраазычылык билдирүү үчүн бизге берилген эң сонун мүмкүнчүлүк. Бул майрамды биз эл арасында ар бир жашы өткөн мекендештерибизге көңул буруу, сый – урмат көрсөтүү максатында өткөрүп келебиз. Бул күн – карыларга алардын жаш курагын эскертүү максатында эмес, тескерисинче аларга т.а ата – энелерибизге, пенсионерлерге, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Кыргыз мамлекетибиздин бардык кары адамдарына терең ыраазычылык билдирчү күн. Мекенибиздин кары адамдарына биздин жаркын келечек үчүн кылган эмгегиңиздерге чоң рахматыбызды айтабыз.
Биздин мектептин салты боюнча эл аралык карылар күнүнө карата жыл сайын “Камкордук” акциясы өткөрүлөт.
Комментарии